ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Акча алмаштыруу бюролорунун кызматкерлери аялдамага таштандыларын башаламан таштаган

Биринчи май району боюнча кезектеги рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы акча алмаштыруу жайынын кызматкерлери тарабынан санитардык-экологиялык нормаларды бузуу фактысы аныктады.

Абрахманов көчөсү,  №150 дарегинде жайгашкан “Мини стрим”, “Кут”, “Опция” ЖЧКсынын жумушчулары баштык таштандыларын аялдамага жана имараттын чыгыш тарабынан өтүүчү жолго башаламан таштаган.


Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлери тарабынан  Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча аталган акча алмаштыруу жайларынын жетекчилеринин атына протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссясынын кароосун жиберилди.


Биринчи май районудук административдик комиссиясынын кезектеги жыйынында акча алмаштыруу бюролорунун ар бир жетекчисине 5000 сом өлчөмдөгү административдик айып жазасы жөнүндө чечим чыгарылды.