ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Уруксатсыз жайгаштырылган тышкы жарнамалар алынат

Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук  комиссия  жарнама берүүчүлөргө уруксатсыз илинген тышкы жарнамаларды өз ыктыяры менен алып таштоого чакырат.

Жарнама берүүчүлөргө, жарнама даярдоочуларга жана жарнама таркатуучуларга  төмөнкүлөр маалымдалат:
- 2015-жылдын 20-февралынан 20-мартына чейин жарнама берүүчүлөр  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Жарнак жөнүндө» мыйзамдарына туура келбеген жана уруксаты жок Бишкек шаарынын аймагында орнотулган тышкы жарнамаларды жана башка көрүнө маалыматтарды алып таштоосу керек;


- жогоруда айтылган тышкы жарнама сферасын жөнгө салуучу укуктук-ченемдик актылардын талаптары аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыптык санкциялар колдонулат жана милдеттүү түрдө алынат.