ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаадагы 72 бирдик тышкы жарнаманы алынып салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти борбор калаанын көркөм-эстетикалык тышкы көрүнүшүн жакшыртуу максатында уруксатсыз орнотулган жана эскилиги жеткен тышкы жарнамаларды алып таштоо рейдин жүргүздү.

Кезектеги  рейд  шаар мэриясынын мамлекеттик тилди өнуктүрүү бөлүмүнүн, Бишкекглавархитектура, Биринчи май райондук администрациясынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.


Рейддин жыйынтыгында Абдрахманов, Байтик Баатыр, Горький көчөлөрү жана Тынчтык проспектисиндеги 72 бирдик тышкы жарнама алынган.


11 бирдик штендер, 37 бирдик панно, 18 бирдик керме, 1 көрсөткүч жана 5 бирдик бактарга илинген тактача.
 
Бишкек шаарынын Жрнама департаменти ишкерлерге жана калаа тургундарына тышкы жарнама каражаттарына кагаз түрүндө уруксат алууну жана «Мамлекеттик тил жөнүндө», «Жарнама жөнүндө» мыйзамдарын жана Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоо керек экендигин эскертет.