ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жана Япония мамлекети грант келишимине кол коюшту

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында Япония мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Такаюки Коикэ менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн калыбына келтирүү борборунун директору Гүлнара Аманкулованын ортосунда  грант келишимине кол коюу аземи өткөрүлдү.

Аталган  грант келишими Япониянын  «Чөп тамырлары жана адамдардын коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында  «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчун шаардык калыбына келтируу боборунда медициналык тейлөөнү жакшыртуу» долбоору менен ишке ашты.


Кол коюуга катышкан эки тарап саламаттыкты сактоо жана коопсуздук чөйрөсүнө тиешелүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.


 Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасындагы Япония Элчилигине жана элчинин өзүнө Бишкек шаарындагы гуманитардык долбоорлорду  колдоосу  үчүн ыраазычылык билдирди. Эске сала кетсек, ошол эле «Чөп тамырлары жана адамдардын коопсуздугу» гранттык программанын алкагында  «Жол кыймылынын коопсуздугу» долбоору аркылуу калаанын мектеп жана мектепке чейинки 87 мекеменин алдына жол сызыктары жана жол белгилери орнотулган.

Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Кыргыз Республикасындагы Япония Элчилигинин Атташеси Акио Ягихаши, «Чөп жана адамдардын коопсуздугунун тамырлары» гранттык программасынын координатору Назгүл Кубакаева
катышышты.