ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жаш балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулук боюнча жыйын өткөрүлдү

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жыйын залында балдарга карата зордук-зомбулукту алдына алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Аталган жыйында  балдарга карата зордук зомбулуктун күчөшү, анын алдын-алуу жана ага каршы туруунун жолдору,   ошондой эле,  мектепке барбаган, иштеген балдардын көйгөйлөрү  талкууланды.

Акыркы учурдагы окуялар, ооруканада жаткан Ибрагимдин, өз балдарын бычактап салган эне жана балдарын туугандарына таштап, иштеп  кеткен  ата-энелердин балдарына болгон мамилеси айтылды. Мындан тышкары ар бир райондогу социалдык кызматкерлерге эл менен тыгыз иштөөсү, кордук көргөн балдарга жардам берүү, ар кандай иш-чараларды өткөрүү тапшырмасы берилди.

“Бүгүнкү күндө балдар боюнча рейддер өткөрүлүүдө. Миңге жакын балдар мектептерге барбайт. Алар базарларда иштеген балдар жана медреселерде окуугандар. Балдарын карабай ичип кеткен ата-энелер да бар. Азыркы учурда ар бир бала менен тыгыз иштеп, аларга жардам бергенге аракет кылып жатабыз”,-деп белгиледи вице-мэр Айгүл Рыскулова.

Аталган жыйын Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен өткөрүлдү.

Жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Биринчи май райондук администрация башчысы Аскербек Тукешев, Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, шаардын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, райондук администрациялардын башчысынын орун басарлары жана райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.