ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Бишкек менин шаарым” биринчи райондук конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды

Калаанын Октябрь районунда “Бишкек менин шаарым” биринчи райондук конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды.

Конкурска Октябрь районунун 1 класстан 11 класска чейинки 200 ашык окуучулары катышты. “Бишкек менин шаарым” конкурстук иштери: “Дилбаян”, “Сүрөт тартуу”, “Ыр”, “Көркөм окуу” төрт номинация боюнча өткөрүлдү.


Конкурстун бардык катышуучуларына дипломдор ыйгарылды. Ошондой эле, конкурстун жеңүүчүлөрүнө Октябрь районунун Билим берүү борборунун жана Бишкек шаардык кеңешинин СДКП фракциясынын грамоталары тапшырылды. Мындан тышкары, аквапарк, шаардык муз тебүү аянтына жана Ала-Тоо кинотеатрна кирүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.


Жеңүүчүлөрдү Кыргы Республикасынын президенттик аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Гульмира Кудайбердиева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары  Алмаз Кененбаев, Сергей Шин, Наталья Щербакова, ЦООР директору Елена Строкова куттуктады.


Сыйлык тапшыруу аземи №17 мектеп-лицейинде өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын уюштуруу жана өткөрүү иштери белгиленип, ардак грамоталар менен  Бишкек шаардык кеңешинин СДКП фракциясы,  №20 окуу-тарбиялык комплексинин директору Чолпон Кудайбергенова, №17 мектеп лицейинин директору Наталья Щербакова, Октябрь районунун уюштуруу мугалими Александра Иминова, Алевтина Ярмоленко, Любовь Лысенкова, Нина Коминарец, “Алтын-Келечек”  кыймылынын координатору Евгений Иванов сыйланды.