ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Афган согушунун катышуучулары ардак грамоталар менен сыйланды

Бишкек шаарынын мэриясынын  Октябрь райондук администрациясы  советтик куралдуу күчтөрдүн Афганистандан чыгарылышынын 26-жылдыгына арналган майрамдык  иш-чара өткөрдү.

Иш-чара №62 мектеп-гимназиясында болуп өттү.


Катышуучуларга №62 мектебинин хореграфиялык ансамбли, “Камбаркан” ансамблинин солисти К. Таштаналиева, Кыргыз Республикасынын маданият мыктысы Е. Иванов катышуусунда майрамдык концерт тартууланды.


Ошондой эле, Октябрь райондук администрациясынын  ардак грамоталары менен  Алымкулова К.А., Артамонова И.П., Бегека В.Н., Черных Е.А., Ташматова М.К сыйланышты.


Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов кезегинде ардагерлер уюмдарынын жигердүү иштеринин маанилүүлүгүн белгиледи.


Согуш талаасында курман болгондордун жаркын элесине арналган бир  минуталык тыныгуу менен эскерилди.


Эскерте кетсек, Октябрь районунда 217 афган согушунун катышуучулары жашайт. Райондук администрация жыл сайын Афган согушунун катышуучуларына жана алардын үйбүлөсүнө материалдык жардамдарды көрсөтүлүп келет.


Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңеишинин депутаты К.Рыспаев, ардагерлер кеңешинин төрагасы Т. Кадыров, Октябрь районунун Афган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы С. Сыдыков  катышты.