Калаада советтик куралдуу күчтөрдүн Афганистандан чыгарылышынын 26-жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 16.02.2015 11:49
Бишкек шаарынын мэриясынын Биричи май райондук администрациясы советтик куралдуу күчтөрдүн Афганистандан чыгарылышынын 26-жылдыгынын урматына Афганистан жана Баткен согушунун катышуучуларына майрамдык иш-чара өткөрдү.
Иш-чара Мамлекеттик тарых музейинин залында өткөрүлдү.
Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын атынан материалдык жардамдар тапшырылды. Ошондой эле, эстрада жылдыздарынын аткаруусунда аскердик-патриоттук темасындагы концерт тартууланды.
Райондук иш-чарага Афган согушунан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 14 адам, Афган согушуна катышып көз жумгандардын 6 үйбүлөсү, Баткен окуясынын катышуучулары, Баткен жана Афган согушуна катышкан 168 жоокер, анын ичинде ардагерлер уюмунун жетекчилери катышты.
Райондук бюджетинен материалдык жардам үчүн 339 400 сом көмөк көрсөтүлдү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
16.02.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |