ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мыйзамсыз курулуштар алынып салынды

Бүгүн, Биринчи май районунун “Заводской поселок” айылында  Ала-Арча суусунун жээгиндеги 1 сарай жана 3 үйдүн дубалы алынып салынды.

Ала-Арча суусунун жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар курулуп, дубалдар көтөрүлгөн. Бирок,  мыйзамсыз курулуштар Ала-Арча суусунун жээгин тазалоодо кыйынчылыктарды жаратканына байланыштуу алынып салынды.    Аталган курулуштар техника өтө турган жолдорго салынып, суу каптоо коркунучун жаратып турган.

Биринчи май райондук администрациясы, Бишкек шаары боюнча ӨКМ, Бишкек шаарынын Жеке турак-жай куруу департаменти жана кварталдык комитеттер менен биргеликте 2012-жылы “Заводской поселок” конушунун тургандарына  мыйзамсыз курулуш иштерин өз ыктыяры менен алып салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан  7 дубал жана 4 чарба курулушун  алып салуу боюнча 11 жазуу эскертүүсү берилген. Аталган эскертүүлөр аткарылбагандыгы үчүн департамент тарабынан административдик протокол түзүлүп, Биринчимай райондук сотунун кароосуна жиберилген.

Өзөгөчө кырдаалдар министрлигинини Бишкек шаары боюнча башчысы аталган мыйзамсыз курулуштар конуш тургундарына кооп жаратарын белгиледи.

“Сайдын жээги менен үйлөрдүн аралыгы 6 метрден кем эмес болуш керек. Бул жерде техника өтө турган жолдорго да дубалдар куруп алышкан. Эгерде суу көтөрүлүп каптаса, бул жерди да каптап кетүү коркунучу бар”,-деди Болот Аманбеков.

Аталган иш-чарага Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, Жеке турак-жай куруу департаментинин башчысы Самарбек Болотбеков, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча башчысы Болот Аманбеков, Жеке турак-жай куруу департаментинин жана РИИБнын кызматкерлери катышты.