ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа бийлиги жана ата-энелер коому жалпы билим берүү мекемелериндеги балдардын тамактануусун уюштуруу маселесин талкуулады

Бишкек шаарынын №67 мектеп-гимназиясында Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы ата-энелер жана директордук корпус менен мектептерде жана бала бакчаларда балдардын тамактануусун уюштуруу маселеси боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Наталья Никифорова, “Чын-Муун”коомдук фондунун уюмдаштыруучусу Нурлан Омуров, кулинария тармагынын эксперти Данияр Деркембаев, БУУнын дүйнөлүк азык-түлүк программасынын адиси Мовсар Эльжуркаев жана ата-энелер катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова башкармалыктын негизги иш багытын, анын ичинде шаардын билим берүү мекемелеринде тамактандырууну уюштуруу боюнча маалымат берди.


Кезегинде Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова ата-энелер коому менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.


“Биз ата-энелердин колдоосунда гана шаардык билим берүүнү өнүктүрө алабыз деп ойлойм. Жалпы билим берүү мекемелеринде тамактандырууну уюштурууну жергиликтүү, шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат”,-деди вице-мэр.


 Ата-энелердин атынан балдардын тамактануусун уюштуруу боюнча Нурлан Омуров доклад кылды.


Жыйындын соңунда ата-энелер сунуш пикирлерди кабыл алгандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэриясына жана Билим берүү башкармалыгына ыраазычылык билдиришти.