ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараев “Ак-Тилек”, “Ак-Тилек 2”, “Кайынды”, “Керамика” конушунун жашоочулары менен жолукту

Бишкек мэриясы жана бишкек шаарынын ИИББ жаңы конуш тургундары менен жолугуунун улантууда.

Аталган жолугушуу Свердлов районунун №46 орто мектебинде Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараев жана Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери “Ак-Тилек”, “Ак-Тилек 2”, “Кайынды”, “Керамика” конушунун тургундары менен өткөрүлдү.

Жолугушууда аймактык тескөөчүлөрдүн конуш тургундары менен иш алып баруусу,  ошондой эле, жогоруда аталган конуш тургундарынын көйгөйлөрү талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө курч көйгөйлөр көтөрүлүп, аймактык тескөөчүлөрдүн иштеринин кемчиликтери жана өзгөчөлүктөрү белгиленди. Ошондой эле, конуш тургундарынын жер, таза суу, жолдорду оңдоо, жер тилкелеринин кызыл китептеринин жоктугу жана жерлерди мыйзамдаштыруу маселелери талкууланды.

Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараев, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Кашкар Жунушалиев, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Алтынай Омурбекова, ИИББнын кызматкерлери жана жогоруда аталган конуш тургундары катышты.