ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жарнама департаменти уруксатсыз илинген жарнамаларды алуу боюнча рейд өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти тарабынан Абдрахманов көчөсү жана Чүй, Манас проспектилериндеги  уруксаты жок, өз билемдик менен орнотулган тышкы жарнамаларды алуу боюнча атайы рейд өткөрүлдү.

Рейддин жыйынтыгы боюнча 37 бирдик тышкы жарнамалар ажыратылды:


1.Штендер        13 бирдик;
2.Растяжка       1  бирдик;
3.Панно          19 бирдик;
4.Калкандагы         3  бирдик;
5.Текчедеги 1 бирдик;

Жарнама жайгаштыруу эрежесин Чүй проспектиси Исанов көчөсү менен кесилишинде жайгашкан "Бета Сторес" соода үйү одоно бузгандыгы аныкталды. Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти тарабынан аталган соода үйүнүн администрациясына калаадагы тышкы жарнамаларды жайгаштыруу эрежелерин сактоо боюнча эскертүү берилди.