ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында “Эра Глонасс” тармагын киргизүү талкууланды

Бишкек шаарында калаа башчысы Кубанычбек Кулматов “ГЛОНАСС” компаниясынын делегациясын баштаган эл аралык долбоорлордун жетекчиси Александр Бондаренко менен жолукту.

Жолугушууда “СпейсТим Холдинг” бөлүмүнүн башчысы Алексей Щербаков глонасс жана GPS негизинде транспорт жана атайы техникаларды башкарууда мониторинг тармагын киргизүү боюнча долбоорун сунуштады.


Щербаковдун айтымында аталган программаны колдонуу шаардык транспортту жана муниципалдык атайы техникаларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет.


“Бул программа Казакстанда кеңири иш алып барууда. Аталган программанын негизги милдети жана максаты шаардыктардын коомдук транспортто коопсуз жана жайлуу жүрүшү болуп эсептелет”,-деди «СпейсТим Холдинг» экспорт бөлүмүнүн башчысы.


Азыркы учурда таштанды аянтына видеокамераларды орнотуунун үстүндө иштеп жатабыз.


“GPSнавигаторлорун атайы техникага орнотуу кирешелүү эмес экендигин иш жүзүндө көрсөттү. Ошондуктан муниципалитеттин автоунааларынын жүрүшүн көзөмөлдөөгө байланыштуу жаңы чечимдерди карап жатабыз жана биз бардык сунуштарды угууга даярбыз”,-деди калаа башчысы.


Жыйынтыгында эки тарап  Бишкек шаарына багытталган даяр долбоорду талкуулоо үчүн дагы жолугушууну чечишти.


 Маалымат:
“ЭРА-ГЛОНАСС” кырсык учурунда ыкчам чараларды көрүү мамлекеттик системасы 2015-жылдын 1-январынан тартып колдонууга берилди.


“ЭРА-ГЛОНАСС” тармагы Россия Федерациясынын жолдорунда жол кырсыктарына жана башка өзгөчө кырдаалдар жапа чеккендердин жашоосун сактоо максатында түзүлгөн.
Бажы биримдигинин техрегламенттеринин талаптарына ылайык 2015-жылдын 1-январынан Бажы биримдигинин аймагында биринчи жолу өтүп жаткан унаалар “ЭРА-ГЛОНАСС” терминалдары менен жабдылышы керек.


Ал эми, 2017-жылдан баштап  Бажы Биримдигине кирген  өлкөлөрүнө бардык жаңы унаалар мындай терминалдар менен жабдылат.


Бишкек шаарынын мэриясынын басма-сөз кызматы