ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Greenviewinternational (Holding) Limited» кытай компаниясынын делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында Бишкек шаарынын вице-мэри Замирбек Малабеков (Holding) Limited»  кытай компаниясынын делегациясынын башында турган башкы директор Ли Йонжман менен жолукту.

Жолугушуу Бишкектин аймагындагы муниципалдык долбоорлорду ишке ашырууда инвестициалык каражаттар маселесин талкуулоо максатында өткөрүлдү.


Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков алдыдагы кызматташуу жөнүндө бардык сунуштарды угууга даяр экенин белгиледи.


“Шаардык бюджеттен калааны өнүктүрүүгө тийиштүү каражат бөлүнбөйт. Бул себептен шаарды өнүктүрүүгө инвестиция  тартууга туура келет”,-деп белгиледи вице-мэр.


Кезегинде башкы директор Ли Йонжман катышуучуларга компания тууралуу айтып, эки тарапка тең пайдалуу шартта кызматташууга кызыктар экенин белгиледи.
“Биздин максат инвестиция салуу үчүн шаардын дараметин билүү”,-деди Ли Йонжман.


Жыйынтыгында эки тарап шаардыктар үчүн социалдык турак үйгө багытталган  конкреттүү сунуштар менен жолугушууну сүйлөшүштү.