ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов “Келечек”, “Ак-Бата” жана “Красный-Строитель” конуштарынын тургундары менен жолукту

Свердлов районунун №87 орто мектебинде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы “Келечек”, “Ак-Бата”, “Красный-Строитель” конушунун тургундары менен жолукту.

Жолугушууда аймактык тескөөчүлөрдүн конуш тургундары менен иш алып баруусу,  ошондой эле, жогоруда аталган конуш тургундарынын көйгөйлөрү талкууланды.

Аталган жолугушуунун жүрүшүндө курч көйгөйлөр көтөрүлүп, аймактык тескөөчүлөрдүн иштеринин кемчиликтери жана өзгөчөлүктөрү белгиленди.   Ак-Бата жаңы конушунда мектептин жетишпестиги жана суу маселелери талкууланды. Сын пикир гана айтылбастан айрым тескөөчүлөрдүн даректерине мактоолор да айтылды.  

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Кашкар Жунушалиев, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Алтынай Омурбекова, Жергиликтүү аймактык башкармалыктардын башчылары, мэриянын кызматкерлери жана конуш тургундары катышты.

Эскерте кетсек, кийинки жолугушуу “Эне-Сай” конушунда №21 орто мектебинде саат 17.00 до  өткөрүлөт.