ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов “Ак-Босого”, “Калыс-Ордо”, “Мурас-Ордо” конуштарынын тургундары менен жолукту

Биринчи май районунун №81 орто мектебинде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы “Ак-Босого”, “Калыс-Ордо”, жана “Мурас-Ордо” конуштарынын тургундары менен жолукту.

Жолугушууда аймактык тескөөчүлөрдүн калк менен иш алып баруусу, ошондой эле, конуш тургундарынын көйгөйлөрү талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө курч көйгөйлөр көтөрүлүп, конуш тургундары тарабынан пикирлер айтылды. Урдап, тоноо фактылары, кылмыштуулук боюнча маселелер да көтөрүлдү.

Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Кашкар Жунушалиев, Биринчи май районунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев жана конуш тургундары катышты.