ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек мэриясы жана Роза Отунбаеванын демилгеси фонду экология көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдорун талкуулашты

Мэриянын жыйын залында вице-мэр Марс Саккараев жана Айгүл Рыскулова “Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен” долбоорунун балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча координатору Исак кызы Клара жана Роза Отунбаеванын демилгеси фондунун директору Докдуркүл Кендирбаева  жана мэриянын тузүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда шаар мэриясы “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду менен биргеликте иш алып баруусу талкууланды. Долбоордун башкы максаты сергек жашоо ыңгайы жана туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү максатында четте туруп алып байкоо жүргүзүүчүнүн позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу жарандык жоопкерчиликти жана балдар менен жаштарда, ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарында экологиялык маданият деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.


Долбоордун координатору Исак кызы Клара аталган долбоордун башкы өнөктөштүгү муниципалитет жана жаштар экенин белгиледи.


“Бишкек – өлкөбүздүн борбору болгон үчүн ишти калаадан башташыбыз керек. Биздин эң башкы максат балдарды жана жаштарды экологияны жакшыртуу иштерине тартуу”,- деп белгиледи координатор.
Аталган долбоордун алкагында калаада ЭКО-акциялар, биргелешкен ишембиликтер жана ыктыярчылардан түзүлгөн Таза-БИШ экологиялык иштери алып барылат. Ошондой эле, жаздын келиши менен калаанын беш мектебинде мектептин айланасын жашылдандыруу сынамык долбоору ишке киргизилет.


Кезегинде Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараев аталган долбоор шаар үчүн маанилүү экендигин айтып өттү.


“Экология актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Бардык өнүккөн өлкөлөр экологияга маани беришет жана полиэтилендик баштыктардын ордуна эко баштыктарга өтүштү. Жакынкы аралыкта шаарда евроконтейнерлер орнотулат. Биз өсүп келе жаткан муундарга таштандыны иргөөнү үйрөтүшүбүз керек. Эко иш-чараларды, экологияны жакшыртуу боюнча долбоорду муниципалитет колдойт”, -деди вице-мэр.