ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Биринчи май районунун конуштарынын тургундары менен жолукту

Биринчи май районунун № 78 орто мектебинде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы “Көлмө”, “Алтын-Бешик”, “Бугу-эне-багыш” конуштарынын тургундары менен жолукту.

Жолугушууда участкалык милиционерлердин калк менен иш алып баруусу, ошондой эле, конуш тургундарынын көйгөйлөрү талкууланды.


Жолугушуунун жүрүшүндө курч көйгөйлөр көтөрүлдү. Көбүнчө убактысын көчөдө өткөргөн жашы жете элек өспүпрүмдөр менен иш алып баруунун жоктугу, участкалык милиционерлердин иштеринин кемчиликтери айтылды. Сын пикирлер гана айтылбастан, айрым участкалык милиционерлерди мактап, ыраазычылыктарын билдирип жатышты. Мисалга алсак, Салитев Руслан, Турсунбеков Совет участкалык милиционерлерге конуш тургундары ыраазычылыгын билдиришти. Ошондорй эле, конуш тургундары калаа башчысы Кубанычбек Кулматовго жана Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиевге Ленский көчөсүндө чоң Чүй каналынан өтчү көпүрө куруп бергендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.


“Сиздер Ленский көчөсүнө көпүрө куруп бергениңиздерге чоң рахмат. Биз үчүн абдан ыңгайлуу жана коопсуз болду”,-деп билдирди конуш тургуну.


Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Кашкар Жунушалиев, Биринчи май районунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев жана конуш тургундары катышты.


Эскерте  кетсек, кийинки жашоочулар менен жолугушуу “Ак-Босого” жаңы конушунда өткөрүлөт.