ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын СЭИ кызматы “Мандарин-2” интернет-клубунун кызматкерлери шаарды көрктөндүрүү эрежелерин одоно түрдө бузуу фактыларын аныктады

Кезектеги рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы “Мандарин-2” интернет-клубунун кызматкерлери шаарды көрктөндүрүү эрежелерин одоно түрдө бузуу фактыларын аныктады.

8- кичирайонунун №18 үйүнө жанаша жайгашкан интернет-клубунун аймагы антисанитардык абалга жеткен, ошондой эле, имараттын батыш тарабында суюктук калдыктары үчүн септик орнотулп алынган. 2014-2015-жылдарга кургак тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн “Тазалык” МИ менен келишим түзүлгөн эмес.


Жыйынтыгында интернет-клубунун администратору Кровековой Н.А атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча протокол тузүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.