Бишкекте өспүрүмдөр арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өтүүдө
- Подробности
- Опубликовано 05.02.2015 10:21
Биринчи май районунун Жуманазаров атындагы СДЮШОР базасында 5-6-февралда өспүрүмдөр арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлүүдө.
Мелдеш жаш курагына жараша үч категорияда өткөрүлөт:
-биринчи топ 1998-1999-жж;
-экинчи тпо 2000-2001-жж;
Үчүнчү топ 2002-жылкы жана андан кичүүлөр.
Мелдеш ИААФ эрежеси боюнча өткөрүлүп, ар бир катышуучу эки гана спорттун түрүн көрсөтө алат.
Аталган мелдеш – жеңил атлетиканы өнүктүрүү, балдарды жана өспүрүмдөрдү жеңил атлетика менен машыгууга үгүттөө, ден соолукту чыңдоо максатында өткөрүлүүдө.
Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана белектер менен сыйланат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |