ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте тогуз коргоол боюнча шаардык чемпионат өткөрүлдү

Бишкекте мырзалар жана кыз-келиндер арасында тогуз коргоол боюнча шаардык чемпионат жыйынтыкталды.

Турнир атайы балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук жана элдик оюндар боюнча спорт мектебинин базасында өткөрүлдү.


Мелдеш командалык жана жеке зачет болуп швейцариялык система боюнча 7 тур менен өттү. 1-2-орундарды ээлеген спортчулар Бишкектин курама командасына киришти. Эми алар 25-февралдан 8-мартка чейин Ысык-Көлдө өтө турган мелдеште шаардын намысын коргошот.


Жеке отчетто мырзалар арасында алтын медалды 2-жыл катары менен Анарбек Жамакеев алса, кыз-келиндер арасында Айтурган Максатбек кызы жеңип алды. Ал эми командалык зачетто мырзалар арасында Кыргыз Мамлекеттик Дене-тарбия жана Спорт Академиясы, кыз-келиндер арасында Кыргыз Улуттук университети жеңишке ээ болушту.


Мелдешке жалпысынан 76 адам катышты. Алардын ичинен 40 мырда жана 36 кыз-келиндер.