Бишкекте волейбол боюнча мелдеш өткөрүлөт
- Подробности
- Опубликовано 03.02.2015 12:21
Октябрь районунда волейбол боюнча мелдештин салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү.
Мелдеш райондун мектептеринин окуучулары арасында Спартакиада 2014-2015 алкагында өткөрүлөт.
Волейбол боюнча мелдешке балдар арасында 12 команда, ал эми кыздар арасында 8 команда катышат.
Аталган спорттук иш-чара ден соолукту чыңдоо жана жаштар арасында дене тарбия жана спортко үгүттөө максатында өткөрүлүүдө.
Мелдеш эки жумага уланат. 1-3 орундарга ээ болгон командалар райондук администрация тарабынан диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |