ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь райондук администрациясынын башчысы бокс боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү менен жолукту

Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов СССРдин баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган күрөш боюнча 38-Эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү менен жолукту.

Жолугушууда район башчысы спортчуларды жеңиши менен куттуктап, жаш жана перспективдүү спортчулар Октябрь районунун гана эмес, өлкөнүн дагы сыймыгы экенин эскертип өттү.
Район башчысы Болот Алымкулов  мурда өзү спорт менен машыкканын айтып, спорттогу кыйынчылыктар тааныш экенин белгиледи.

Аталган Эл аралык мелдеш борбор калаада 28-январь, 1-февраль күндөрү өткөрүлүп, 5 салмак категориясынан кыргыз спортчулары жеңишке ээ болушту. Алардын ичинен Октябрь районунун №14 орто мектептин спорт клубунда машыккан Аватов Рахманкул (49 кг) жана Мамакеев Медер (60 кг).

Бул жылы аталган турнирге Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Турменистан, Монголия жана Таиланд өлкөлөрүнөн жалпысынан 179 спортчу катышты. Алардын арасында курама командалардын жана Олимпиада жеңүүчүлөрү да бар экенин боксчулардын машыктыруучусу Азамат Ибраев жана команданын менеджери Султан Абдуллаев билдирди.