ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте “Баарыбыз үчүн бактылуу балалык” кайрымдуулук көрсөтүүсү өткөрүлдү

Свердлов райондук администрациясы Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры менен биргеликте “Баарыбыз үчүн бактылуу балалык” аттуу кайрымдуулук көрсөтүүсү өткөрүлдү. Аталган көрсөтүү райондун жаңы конуштарынын балдарына көрсөтүлдү.

Ошондой эле, Свердлов районунун кароосуз калган балдар үйүнүн тарбиялануучулары чакырылган.

Иш-чарага жалпысынан 300 бала катышты.

Аталган иш-чара Куурчак театрынын эл аралык фестивалин жана театрдын 75-жылдыгын майрамдоонун башталышы болду.
Келечекте куурчак театрына балдарды дайыма алып баруу пландалууда. Анткени, балдар үчүн куурчак театры эстетикалык тарбиялоонун бир каражаты болуп эсептелет.