ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда окуучулар олмипиадасы өткөрүлдү

Октябрь районунун №17 окуу-тарбиялык комплекс гимназиясында жалпы билим берүүчү сабактар боюнча окуучулар олимпиадасы өткөрүлдү.

Олимпиадага Октябрь районунун жалпы билим берүү мектептеринен 427 окуучу катышты.
Белгиленгендей, олимпиада орус жана кыргыз тилдеринде 11 сабактан өткөрүлдү.


Олимпиаданын жыйынтыгында 69 окуучу байгелүү орундарга ээ болуп, алардын ичинен: 1-орунду 22 окуучу, 2-орунду 24 окуучу жана 3-орунду  23 окуучу багындырды.

Командалык эсеп менен жогорку байгелүү орундарды №26 гимназия комплекси -15 орун, 2-орунга 13 байгелүү орун менен №37 Мектеп гимназиясы, 3-орун 7 байгелүү орун менен №17 мектеп лицейи ээ болушту. Ошондой эле, №63 жана 64 мектеп гимназия 4-орунду, Г.Гмайнер атындагы окуу-тарбиялык мектеп 5-орунду багындырышса, №62 окуу-тарбиялык комплекс 4 байгелүү орунду, №20 мектеп гимназия жана №73 орто мектеп 3 төн байгелүү орун, №71 жана 88 орто мектеп 2 ден байгелүү орун, №3,39,14 орто мектептери 1 ден байгелүү орундарга ээ болушту.

Октябрь районунан шаардык олимпиадага 46 окуучудан турган команда, анын ичинен 4 катышуучу тереңдетилген англис тилинен катышты.
Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн куттуктоо иш-чарасына Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары Жамалкан Мамытова, Октябрь районунун Билим берүү борборунун башчысы Елена Строкова, Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова катышты.

Сыйлоо аземи №17 окуу-тарбиялык комплексинин чыгармачылык жамаатынын  жана маданияттын мыктысы Евгений Ивановдун катышуусунда майрамдык концерт тартууланды.