ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Арча-Бешик конушунда стеланын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү

Арча-бешик жаңы конушунда заманбап спорттук комплексин куруу жеринде стеланын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү.

Бишкекте биринчи жолу 850 адамга ылайыкташтырылган спорттук комплекс “Газпром-балдар үчүн” программасынын алкагында курулат.


Салтанаттуу ачылыш аземине президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарынбаев бардык катышуучуларды куттуктап, “Газпром” ААКнун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
“Кыргызстан мындай ири социалдык долбоордун бөлүгү болгондугу үчүн ыраазычылыгымды айткым келет. Адам бала кезинен баштап спорт аркылуу көп нерсеге үйрөнөт эмеспи. Жашоодо атаандаштык жолу менен ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн эрте билет. Ушунун баарынын пайдасын адам өз жашоосунда көрөт”,-деп билдирди Данияр Нарынбаев.

Долбоордун алкагында Кыргызстандын ар облусунда жалпысынан 16 спорттук комплекстерди куруу пландалууда.

Спорттук-ден соолукту чыңдоочу комлекс 2015-жылдын жаз айында башталып, 2016-жылдын 31-августунда курулуш иштери аяктап, жаш спортчуларга берилет.

Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, презитенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарынбаев, вице-мэр Бакыт Дүйшембиев жана “Газпром” ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер