ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Көк-Жар кичирайонунда кичи эс алуу жайы ачылды

Октябрь районунун Көк-Жар кичирайонунда кичи эс алуу жайы ачылды.

Жергиликтүү тургундар шаардык бийликке жаңы жылдык белеги үчүн ыраазычылык билдирди.


Аталган эс алуу жайдын ачылышына Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев чоң салым кошуп, өз сөзүндө №10 Жергиликтүү аймактык башкармалыктын кызматкерлерине жана жетекчилигине аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.


Иш-чарага октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Жамал Мамытова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев, №10 Жергиликтүу аймактык башкармалыктын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.