ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте кызылча оорусуна каршы 22 миң адам эмделди

Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин билдирүүсү боюнча, 2015-жылдын 26-январына чейин шаар боюнча 22 622 адам эмделди.

Калаанын Үйбүлөлүк медицина борборлору жана стационарларда чыпкалар уюштурулуп, ооруну алдына алуу жана чектөө боюнча күчөтүлгөн иштер жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө калаанын медицина кызматкерлери тарабынан 13 109 текшерүү жүргүзүлуп, 37 346 адам кароодон өткөрүлдү.
Кызылча оорусун чектөө жана ооруну алдын алуу боюнча ыкчам штабдын акыркы жыйынында шаардык Саламаттыкты сактоо департаментинин директору Амангелди Мурзалиев, бардык калаанын дарылоо-профилактикалык уюмдарынын жетекчилерине Чүй областынын медициналык мекемелери менен окуучуларды эмдөө боюнча  биргеликте иш алып баруу тапшырмасы койду. Анткени, Чүй областында жашап, шаардын мектептеринде окуган окуучулар да бар. Ошондой эле, жеке мектептерде жана бала бакчаларда кызылча оорусу катталса токтоосуз Саламаттыкты сактоо департаментине билдирүүгө чакырат.
Эс алуу күндөрү калаанын бардык ҮМБда дарыгерлер жана медицина кызматкерлеринин кезмети түзүлүп, ооруга каршы иштерди алып барууда.