ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте балдар жана кыздар арасында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештин ачылышы өткөрүлдү

Бүгүн, 23-январда Р.Санатбаев атындагы СДЮСШОР базасында кыздар жана балдар арасында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештин ачылышы өткөрүлдү.

Турнирдин ачылышына Свердлов райондук администрациясынын башчысы Алтынай Өмүрбекова катышты.
Мелдешке Кыргыз Республикасынын спортчулары жана КМШ өлкөлөрүнүн спортчулары катышат.
Аталган мелдеш коңшу өлкөлөрдөгү спортчулар менен достук мамиле түзүү жана грек-рим күрөшүн жалпыга таанытуу максатында өткөрүлүп, үстүбүздөгү жылдын 25-январында уланат.