ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Беш күн акысыз медициналык кызмат көрсөтүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 20-январынан 24-январына чейин Октябрь райондук администациясы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте Октябрь районунун тургундары үчүн акысыз медициналык кароо өткөрөт.

Медициналык кароо Орто-Сай базарынын аймагындагы биометрикалык маалыматтарды чогултуу пунктунун жанында өтөт.
Аталган иш-чара “Жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) алдын алуу жана көзөмөлдөө чараларын жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик программанын алкагында өткөрүлүүдө.
Октябрь районунун тургундары УЗИ, ЭКГ өтүп,  ЛОР, окулист, невропатолог, терапевт, уролого көрүнүп, жалпы анализ тапшыра алышат.
Кабыл алуу саат 9.00 дон 16.00 го чейин.