ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын мектептеринде медицина кызматкерлери иштөөдө

Бүгүн, 19-январда кышкы каникулдан кийин мектептерде окуу башталды.  Калаада кызылча оорусунун күчөшүнө байланыштуу шаардын мектептеринде медицина кызматкерлеринен түзүлгөн топ орууну алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин билдирүүсү боюнча, калаанын дарылоо мекемелеринде 24 миң өлчөм кызылча оорусуна каршы эмзат бар. Ооруларды имундук алдын алуу республикалык борборунда 58 миң өлчөм эмзат бар.


Алардын ичинен 9 миң доз эмдөө өткөрүлүп, профилактикалык – дарылоо уюмдарына 10 миң өлчөм эмзат жана шаардык студенттик поликлиникага 5 миң өлчөм кызылчага каршы эмзат бөлүнүп берилди.
Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо департаментинин директору Амангелди Мурзалиев, Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейреманова,  Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана калаанын профилактикалык дарылоо уюмдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ “Ак-Өргө”жаңы конушунун мектебине баш бакты. Ошондой эле, жаңы  конуштарынын билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты.

Саламаттыкты сактоо департаменти Саламаттыкты сактоо департаменти ата-энелерди Үйбүлөлүк медициналык борборуна кайрылууга, 1 жаш жана 6 жаштагы балдарын кызылча оорусуна каршы эмдөөдөн өткөрүүгө чакырат.
Белгиленгендей, азыркы учурда калаанын Үйбүлөлүк медицина борборлорунда кызылча оорусуна каршы эмзат жетиштүү. Эмдөө акысыз.