ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Эртең айрым конуштарда таза суу берилбейт

“Бишкексууканал” башкармалыгынын билдирүүсү боюнча эртең 21-январда саат 01.00дон 22.00го чейин Д-1000мм муздак суу түтүгүнүн курулуш-монтаж иштерине байланыштуу таза суу берилбейт.

Таза суу төмөнкү конуштарда берилбейт: “Арча-Бешик” конушунун Жайыл Баатыр көчөсү,  Ак-Өргө конушунун Ак-Шоокум көчөсү, Ак-Ордо Безымянной көчөсү, Орок, ошондой эле, “Достук”, “Төмөнкү Орок”, “Жогорку Орок” жана “Селекция” айылдарында таза суу берилбейт.


 “Бишкексууканал” башкармалыгы шаар тургундарынан ыңгайсыздык жаратканы үчүн кечирим сурайт жана элдерди, мекеме-уюмдарды ичүүчү суу камдап алууга чакырат.