ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузуу фактысы катталды

Биринчи май районунун №15 Жергиликтүү аймактык башкармалыктын аймагында шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузулган.

№8  ШМБ  кызматкерлери жана Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Корей көчөсүндө таштанды контейнеринде курулуш таштандылары баш аламан ташталган фактысын аныктады.
Жыйынтыгында СЭИ кызматкерлери мамномер D 4912  «Hyundai porter» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Т.Үсөновдун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодекси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май  райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.