ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда мамлекеттик тилди үйрөнүү курсун өткөндөргө тастыктама тапшыруу аземи өткөрүлдү

Октябрь  райондук администрациясында мамлекеттик тилди жана мамлекеттик тилде иш кагаздарын жана иш каттарын жүргүзүү курсун өткөн кызматкерлерге тастыктама тапшыруу аземи өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнүмамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө”  токтомуна ылайык, мэриянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлерине жана райондун Жергиликтүү аймактык башкармалыктарга “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” курсу уюштурулду. Аталган курс Октябрь райондук администрациясынын кичи жыйын залында өткөрүлдү.


Курстун жана  сынактын жыйынтыгы  боюнча, 23 кызматкерге тастыктама тапшырылды.


Аталган иш-чарага райондун башчысынын орун басары Токтосун Султанов, райондун башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Жамалкан Мамытова, райондун кызматкерлери катышты.