ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада өтө коркунучтуу инфекциялар боюнча координациялык комитеттин отуруму өттү

Бүгүн, 15-январда №69 орто мектебинде “2014-жылдын жана 2015-жылдын январында кызылча оорусунун абалы жөнүндө” жыйын өткөрүлдү.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, бугүнкү күндө 15 миң  өлчөм эмзат алган.


Белгиленгендей, мурда кызылча оорусу менен оорубуган жана эмдете элек балдарга дароо эмдөө жасатуу абзел. Кызамык  оорусун алдын алуунун эффективдүү ыкмасы бул эмдөө. Биринчи эмдөө балдарга адегенде 12 айында жана экинчи жолу 6 жашында жүргүзүлөт.


Аталган жыйындын жыйынтыгында, медицина кызматкерлерине  мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерине, ЖОЖдорго, калаанын кесиптик лицейлерине  оорунун келип чыгышы   жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана бардык билим берүү мекемелерине  санитардык тазалык тууралуу маалыматтандыруу иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.


Кыргыз Республикасынын “Жугуштуу ооруларды имундук алдын алуу жөнүндө” мыйзамынын негизинде эмдөөдөн баш тарткан  ата-энелердин балдары мектеп менен бала бакчаларга киригизилбейт.
Калаанын райондук администрациялары Жергиликтүү аймактык башкармалыктар,  кварталдык комитеттер менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Координациялык көп тармактуу комитеттин иштерине мэриянын өкүлдөрү, райондук администрациялар, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Саламаттыкты сактоо департаменти, профилактикалык дарылоо уюмдарынын жетекчилери, Билим берүу башкармалыгы, райондук билим берүү борборлору, мектеп, бала бакчалар жана калаанын кесиптик – техникалык лицейлери катышты.