ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Саламаттыкты сактоо департаментинде Ленинград блокадачыларына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын текшерүү үчүн комиссия түзүлдү

Саламаттыкты сактоо департаментинде Ленинград блокадачыларга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын текшерүү үчүн  комиссия түзүлүп, ага департаменттин жана калаанын профилактикалык-дарылоо уюмдарынын адистери кирди.

Комиссия Ленинград блокадачыларынын үйлөрүн кыдырып, 22нин ичинен 19 блокадачылардан медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын сураштырышты.
Сураштыруунун жүрүшүндө тереңдетилген текшерүү жана Ата мекендик согуштун ардагерлерин медициналык текшерүү жыл сайын өткөрүлүп турат. Ал эми баса албаган карыларга адистер үйлөрүнө барып медициналык жардам көрсөтүшөт. Бейтаптардын абалы убагында көзөмөлдөнүп, ооруканаларга жаткырылып турат.
Калаанын баардык үйбүлөлүк борборлоруна ата мекендик согуштун ардагерлерин жана Ленинград блокадачыларын толугу менен медициналык жардам көрсөтүү жана баса албаган карыларга үйлөрүнө барып медициналык камсыз кылуу, ошондой эле, бейтаптарга динамикалык көзөмөлдөө сунушталды.
Белгиленгендей, Лелинград блокадачыларына шаардын  11 үйбүлөлүк  медициналык борборлору кызмат кылат. (№№2,3,4,5,6,7,8,11,13,18 ҮМБ).

Коммисия Саламаттыкты сактоо департаментинин 18.12.2014ж. №460  “Ленинград блокадачыларына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын текшерүү боюнча түзүлгөн комиссия жөнүндө” буйругунун негизинде түзүлдү.