ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясы “Главстрой” курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Биринчи май районунун тургундары Түгөлбай Ата жана Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде курулуш иштери түнкү убакта жүргүзүлүп жаткандыгына арызданышкан.

Биринчи май райондук администрациясынын ЖКХ бөлүмүнүн жана РИИБ адистери курулуш жүргүзүлүп жаткан жерге барып,  “Главстрой” курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Аталган компанияга эреже бузгандыгы үчүн акт түзүлүп, тиешелүү чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодекси менен Бишкек шаарынын экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясына жиберилди.