ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада көчмө флюорография иштей баштайт

2015-жылдан баштап Бишкек шаарынын жашоочуларын жана жаңы конуштардын тургундарын флюорографиялык бөлмөсү бар унаа тейлейт.

Бишкектеги Саламаттыкты сактоо департаменти менен "Цадмир" ЖЧКсы медициналык унаа алуу боюнча 10 жылга келишим түзүп, калаанын профилактиуалык дарылоо уюмдарынын колдонуусуна берилет.
Унаа заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Анда флюорография-рентгендик стационардык аппарат, бактерициддик лампа, кондиционер жана эмеректер бар. Ал январь айынан тартып жаңы конуштардагы калкка кызмат көрсөтө баштайт. Дарыгерлердин айтымында, мындай шарт кургак учукту дарылоого жардам берет.
Көчмө флюорография шаар жашоочуларын жана жаңы конуштардын тургундарын Үйбүлөлүк медициналык борборлорунда жаңы жылдын январь айынан баштап кызмат көрсөтөт.

Дарыгерлердин айтуусу боюнча, кургак учуктун алдын алуу, жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо дарыгерлерге көмөк болот.