ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясы Эркиндик бульварынын көрктөндүрүү иштерин текшерди

Жаңы жыл майрамына даярдануу максатында Биринчи май райодук администрациясы Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкынын колдоосунда Эркиндик бульвары жарык гирляндылары менен кооздолду.

Чүй проспектисинен Түгөлбай Ата көчөсүнө чейинки 92 жарыктандыруу жабдууларына 600 жарык гриляндылары орнотулду.


Белгилей кетсек, кызматташуунун алкагында өткөн 2 жылда KICВ 2,5 млн. сомдон ашык каражат Эркиндик бульварын көрктөндүрүүгө бөлүнгөн. Көрсөтүлгөн каражатка толугу менен оңдолуп, орундуктар боелду жана жаңы декаративдик таштанды урналары, 14 балка менен согулуп жасалган чатырчалуу орундуктар  орнотулду. Тышкы жарыктандыруу оңдөлдуп, жер астындагы жарыктандыруунун кабели жаңы үчкатмарга алмаштырылды. “Филиппс” фирмасынын электр үнөмдөөчү лампалары орнотулду.


Биринчи май райондук администрациясы KIСB банкынын жамаатын, шаар тургундарын жана конокторду келе жаткан Жаңы 2015-жылы менен куттуктап, тынчтык жана бакубат жашоо каалайт.