ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу шаар тургундары!

Сиздерди  Жаңы 2015 жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Жаркырап келген Жаңы Жыл жалпыбызга жакшылыктарды тартуулап, жаркын маанай чачкан, берекесин төккөн жылдардан болсун. Жаңы жыл баарыбыз үчүн өзгөчө майрамдардын бири. Бул күнү баардык аруу тилектер ишке ашып, каалоо тилектерибиз кабыл болот деген ишеничтебиз. Ар бир үйбүлөгө аман-эсенчилик жана кубанычтар алып келишинне тилектешмин. Ылайым Кыргызстанда тынчтык болсун! Тынчтык болсо байлык да, бийлик да, ынтымак да болот.
Ар бир жылдын өзүнүн өзгөчөлүгү болот. Өтүп жаткан жыл биз үчүн сыноолордун, ошондой эле ийгиликтердин жылы болду.  Шаар чарбасында бир нече өзгөртүүлөрдү жүргүздүк, коррупция менен күрөшүп, жаңылоого болгон күч аракеттерибизди жумшадык. Бир нече жылдан бери көбөйүп келген көйгөйлөр, тоскоолдуктар, кыйынчылыктар бар. Ал үчүн дагы биздин иш аракеттерибиз талап кылынат.
Ар бир жылды жыйынтыктап жатып, жаңы жылга жаңы кадамдарды, жаңы пландарды коёбуз. Ар бирибиздин ойлогон ой-максаттарыбыз ишке ашсын!
Ардактуу мекендештер!
Сиздерди дагы бир жолу Жаңы 2015 жылыңыздар менен куттуктайм!
Жаңы жыл бак-таалай жана ынтымакты, жогорку жетишкендиктерди алып келишине тилектешмин. Ар бир үйбүлөгө ден соолук, бакубат жашоо, жерибизге тынчтык, молчулук, токчулук болсун. Шаарыбыз гүлдөп, өнүгүп өссүн. Кыргызстандын келечеги кең болуп, ийгиликтер коштосун!  
Майрамыңыздар менен!