ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Оберег” калыбына келтирүү борборунда жаңы жылдык балаты өткөрүлдү

Бүгүн, 29-декабрда “Оберег” калыбына келтирүү борборунда жаңы жылдык балаты өткөрүлдү.

Борбордун бейтаптары ата-энелерге жана конокторго жаңы жылдык майрамды тартуулады.
Бишкек шаарынын мэриясы балдарга арналган жаңы жылдык белектерди тапшыруу менен кызуу куттуктады. Майрамдык иш-чарага шаардык кеңештин депутаты Станислав Епифанцев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова катышты.
“Урматтуу балдар! Сиздерди келе жаткан жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Жаңы жыл ар бирибизге бакыт алып келсин. Ден соолукта болгула! Сиздерге бактылуу балалык каалайм! Ал эми тарбиячыларга ыраазычылык билдирем. Жаңы жылыңыздар менен!”, -деп куттуктады вице-мэр.
“Оберег” калыбына келтирүү борборунда 5 жаштан 40 жашка чейинки I жана  II топтогу 40 майып, алардын 16 борбордо туруктуу жашайт. Калгандарынын ата-энелери алып келип, алып кетип турушат. Ал эми, калыбына келтирүү борборуна алып келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон үйбүлөлөр үчүн атайы унаа бар жеткирип турат.