ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь райондук администрациясы балдарга арналган жаңы жылдык балаты өткөрдү

Бүгүн, 29-декабрда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Октябрь райондук администрациясы тарабынан балдарга арналган жаңы жылдык балаты уюштурулду.

Майрамдык иш-чарага аз камсыздалган үйбүлөнүн  балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана апрель окуясынан жабыр тарткандардын жана жетим балдар, жалпысынан 700 бала катышты.
Иш-чараны Аяз ата ачып, балдарды жаңы жылдык майрамы менен куттуктап, сөздү Октябрь районун башчысы Болот Алымкуловго  берди.
“Сүйүктүү балдар! Сиздерди келе жаткан жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук каалайм жана дайыма “эң жакшы”, “мыкты” деген бааларга окуп, ата-энеңерди кубантышыңарга тилектешмин”, -деди райондун башчысы.
Курамында 250 таланттуу балдардан турган “Таберик” музыкалык балдар театры тарабынан балдарга арналган жомоктук спектакль көрсөтүлдү. Акырында балдарга белектер таратылды.
Эскерте кетсек, Октябрь районунда баардыгы 2085 бала жашайт.
Иш-чараны уюштурууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 900 миң сомдон ашык каражат каралды.