ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

В доме-интернате для пожилых людей прошла благотворительная акция

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык интернат үйүндө жаңы жылдык кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү.

Акцияны  Бишкек шаарынын мэриясы жана  “РИХА” компаниясынын жетекчилигинде уюштурулду.
Аталган акцияга Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, “РИХА” компаниясынын жетекчиси Бажанов Рахман, ошондой эле, Эл аларык славян институтунун студенттери катышты.
Чоң ата, чоң апаларды жаңы жылы менен Айгүл Рыскулова жана Рахман Бажанов куттуктап, ден соолук жана узун өмүр каалап өттү.
“Урматтуу аталар жана апалар. Биз сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сиздерге эң башкысы ден соолук каалайбыз. Биз сиздерге баардык шарттарды түзүп берүүгө аракет кылабыз”.
Кезегинде интернат үйүндө жашаган карылар Бишкек мэриясына жана “РИХА” компаниясына ыраазычылык билдирди.
“Сиздердин камкоордугуңуздарга жана көңүл бөлгөнүңүздөргө ыраазычылык билдиребиз. Көңүл биз үчүн абдан маанилүү”,-деп белгиледи интернат үйүнүн тургуну.
Акциянын жүрүшүндө карылар үчүн майрамдык түшкү тамак берилип, белектер таратылды. Ал эми, ЖОЖдун студенттери тарабынанмайрамдык концерт тартууланды.