ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте диний экстремизмге каршы жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын жыйын залында  диний экстремизмге жана эл аралык терроризмге  каршы жыйын өткөрүлдү.

Акыркы учурдагы шаардагы диний абал курчуп, ар кандай диний агымдар коомго терс таасирин тийгизип жатканы, исламдагы радикалдашуунун зыяндары,  салттуу исламдын жол-жоболору талкууланды. Ошондой эле, Сирия сыяктуу өлкөлөргө кетип жаткан жарандарга  туура эмес маалыматтар таркатылып жатканы айтылды.
Кыргыз Республикасынын  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 4- бөлүмүнүн башчысы А. Сыдыгалиев,  Кыргызстандын аймагында көмүскө иш жүргүзгөн эл аралык экстремисттик уюмдар тарабынан өлкөдө диний экстремизмдин идеяларын жайыртуу аракеттери пайда болгонун, инттернет түйүнүндө видеороликтерди жайгаштырып, дин туткан адамдардын арасында үгүт иштерин жүрүгүзүп, аларды согушка жалдоо аракеттери жасалып жатканын белгиледи.
Ошондой эле, жыйындын катышуучуларына өспүрүм балдарды согушка даярдоо учурундагы видеоролик көрсөтүлдү.
Жыйынга “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов, ИИБнын 10 бөлүмүнүн башчысы Тилек Молдобаев, ИИБнын башчысынын орун басары А. Белунскос, Кыргыз Республикасынын  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 4- бөлүмүнүн башчысы А. Сыдыгалиев, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ж.Абирова, Билим берүү башкармалыгынын адистери, ИИБнын кызматкерлери, Жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарынын кызматкерлери жана мугалимдер, ата-энелер катышты.
Аталган жыйын калаанын ар бир райондорунда өткөрүлүп, диний экстремизм тууралуу маалыматтар берилди.