ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте туруктуу үй жайсыз адамдарга кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү

“Коломто” кайрымдуулук үйүндө  кайрымдуулук акция өткөрүлдү. Акция социалдык колдоо көрсөтүү, ооруларды алдына алуу, туруктуу үй жайсыз адамдардын укуктарын коргоо максатында өткөрүлдү.

Акция Биринчи май райондук администрациясы жана райондун ИИБ менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Кызыл жарым ай улуттук коому, орус православ чиркөөсү жана “Фонтан жизни” кайрымдуулук фондунун жардамында өткөрүлдү.
Аталган акциянын алкагында 166 туруктуу үй жайсыз адамга мончо кызматы көрсөтүлүп, инфекциялык ооруларга, ВИЧ/СПИДге медициналык кароо өткөрүлүп, кургак учук оорусуна флюорографиялык текшерүү жүргүзүлдү. Ысык тамактар менен камсыздалып, жылуу кийимдер таратылды жана юридикалык жана психологиялык консультациялар өткөрүлдү.
Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында 15 ОРВИ, 23өнөкөт бронхит, 5аз кандуулук, 59алкаголдук интоксикация, 14 холецистит, 2 адам күйүк алган, 7 тери оорусу, ал эми кургак учук жана ВИЧ/СПИД оорулары катталган жок. Текшерүүнүн жыйынтыгында оорулуулар дарылануу үчүн тиешелүү медициналык мекемелерге жиберилди