ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте өлкөнүн башкы балатысы жанды

Бүгүн, Ала-Тоо аянтында калаанын башкы балатысынын жарыгын жандыруу аземи өткөрүлдү.

Чогулган шаардыктарга майрамдык маанай тартууланып, кичинекей балдардын жүзүнөн бактылуу жылмаюулар көрүнүп турду.
Иш-чаранын башталышында Санта Клаустун кийимин кийген оркестр ойноп, жагымдуу маанай тартуулады. Жаңы жылдык ырлар жана майрамдык концерт коштолду.
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана  Аяз ата шаар тургундарынын коштоосунда балатынын жарыгын жандырды.
“Урматтуу шаар тургундары! Ардактуу коноктор! Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен!  Акыркы жылдары шаарыбызда жакшы салт уланып келе жатат. Бул жаңы жылга арналган балатыны жандыруу аземи. Жаңы жыл жалпыбызга жакшылыктарды, ийгиликтерди, ынтымакты алып келсин”,- деди калаа башчысы Кубанычбек Кулматов.
Иш-чара шаардык музыкалык жана бий топторунун майрамдык концертинин коштоосунда уланды.