ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов балдарды Жаңы жылы менен куттуктады

“Сейтек” улуттук чыгармачылык балдар борборунда Бишкек шаарынын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга мэрдин балатысы өткөрүлдү.

Майрамдык концерттин алдында калаа башчысы Жаңы жылы менен куттуктап, ден соолук, бактылуу балалык, окууларына ийгиликтерди каалады.
“Сүйүктүү балдар! Сиздерди Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Ар бирибиз бала болгонбуз. Баарыбыздын эсибизде болсо керек, жаңы жылды кандай чыдамсыздык менен күткөнүбүз. Балдар - биздин келечегибиз. Алардын келечеги жаркын жана кубанычтуу болуусу үчүн биз болгон аракетибизди жасашыбыз керек. Сиздерге баардык шарттарды түзүп берүүгө, ар тараптан колдоого болгон күчүбүздү жумшайбыз. Кыргыз элинин сыймыгы боло турган келечек ээлери болооруңарга  тилектешмин. Балдар биздин келечегибиз, бактыбыз, үмүтүбүз.  Жаркырап келген Жаңы Жыл жергебизге жакшылыктарды тартуулап, жаркын маанай чачкан, берекесин төккөн жылдардан болсун. Баарыңыздарга бекем ден соолук, окууңарга ийгилик, бактылуу балалык жана бакубат жашоо каалайм. ар бириңиздердин ойлогон максат-тилектериңиздердин ишке ашышына тилектешмин”. Деп белгиледи Кубанычбек Кулматов.
Мэрдин куттуктоосунан кийин, балдарга таланттуу балдардын  катышуусунда жомоктор, концерттик программа көрсөтүлдү.
Концерттин аягында Аяз ата жана Аяз кыздан балдарга  түстүү фейерверк көрсөтүлдү.
Аталган иш-чарага 600 бала катышып, мэрдин белектери тапшырылды.