ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте өрт өчүрүүдө көрсөткөн эрдиги үчүн Биринчи май районунун ИИБнын кызматкерлери сыйланышты

Өрт өчүрүүдө көрсөткөн эрдиги үчүн Биринчи май районунун  ИИБнын кызматкерлери ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Сыйлыктар Айбек Өзүбеков, Алмазбек Исаков, Бакай Саякбаев, Ильязбек Амракулов, Саламат Сыдыков, Эраалы Арсыматов, Таалайбек Алымовго тапшырылды.
Район башчысы Аскербек Алиев райондун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин өрт өчүрүүдө көрсөткөн эрдиктери үчүн ыраазычылык билдирди.
“Сиздер болбосоңуздар биз көптөгөн кыйроолордун курмадыктары болмокпуз. Сиздер келечекте коомдун коопсуздугун сактайсыздар дер ишенем”,-деп белгиледи район башчысы.
Эскерте кетсек, өрт 2014-жылдын 12-ноябрдан 13-ноябрга караган түнү Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн унаа токтотуучу жайында катталган.