ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Санкт-Петербургдан келген делегацияны кабыл алды

Бугүн, 12-декабрда мэриянын жыйын залында калаа башчысы Кубанычбек Кулматов Санкт-Петербург шаарынан келген делегацияны кабыл алды.

Делегациянын башында Санкт-Петербург комитетинин тышкы байланыш боюнча өкүлү Евгений Григорьев.
Делегацияда ар түрдүү тармактагы,  соода, билим берүү, искусства жана жана инвестиция боюнча адистер катышууда.
Делегациянын башкы максаты-тажрыйба алмашуу эсептелет.
Жолугушуунун жүрүшүндө Санкт-Петербург жана Бишкек шаарларынын арасындагы байланышты жакшыртуу жана шаардык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу. Ошондой эле, 2015-2017-жылдарга соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу программасы боюнча консультация өткөрүлдү.
Делегациянын башчысы Санкт-Петербург шаарында Бишкектин күндөрү жана бизнес-форум өткөрүүнү сунуштады.
“Бишкек шаары Санкт-Петербург шаары менен негизги өнөктөш”,-деп белгиледи Евгений Григорьев.
Кезегинде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов курулуш базары Бишкекте кең экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, Бишкек жана Санкт-Петербург шаарлары бир туугандык келишимин 2012-жылы түзгөн.