ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте “Жаш талант 2014” гала-концерт өткөрүлдү

2014-жылдын 11-декабрда Октябрь районунун Билим берүү борбору “Сейтек” балдар чыгармачылык борборунда “Жаш талант 2014” гала-концертин өткөрдү.

Конкурстун жеңүүчүлөрүн Билим берүү борборунун директору Елена Строкова куттуктады.
“Чыгармачылык дүйнөсүндө эч кандай чектөө жок. Бүгүн “Жаш талант 2014” конкурсунун жыйынтыгы менен жаңы жылдыздар жанды. Биз баардык катышуучуларга чыгармачылык ийгиликтерди каалайм”, -деди Елена Строкова.
Ошондой эле, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев, Шин Сергей, Наталья Щербакова, Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары Жамалкан Мамытова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Султан Каримов, Маданияттын мыктысы Иванов Евгения, Юлия Руцкая жана Алексей Филатов куттуктады.
Конкурстун жеңүүчүлөрү диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.